Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №4
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №37 Сайдикум атындагы орто мектебине ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жаңы-Абад айылынын тургундарынын кайрылуусунун жана мектеп жамааты менен биргеликте өткөрүлгөн чогулуштун №1-протоколунун негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №37 Сайдикум атындагы орто мектебине ысым ыйгаруу боюнча, №37 Сайдикум атындагы орто мектебинде 1976-жылдан баштап, 2022-жылдын 17-июнуна чейин билим берүү тармагында үзгүлтүксүз иштеп, элге кызмат көрсөткөн, Эл агартуунун отличниги, Областтык жана райондук бир нече жолку ардак грамоталардын ээси маркум Эргешов Каримбайдын ысымын коюу маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №37 Сайдикум атындагы орто мектебине, Жаңы-Абад айылында жашап өтүп кеткен маркум Эргешов Каримбайдын ысымы бекитилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жаңы-Абад айылындагы №37 Сайдикум атындагы орто мектебине, Эргешов Каримбай ысымын Жаңы-Абад айылындагы №37 Сайдикум атындагы орто мектебине ысымын койдуруу боюнча, тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, жазып, орнотуу жагы Эргешов Каримбайдын үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |