Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Сайдыкум айыл өкмөтүнүн имаратын куруу долбоорун Республикалык максаттуу трансферттер беренесине сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн имаратын куруу долбоорун Республикалык максаттуу трансферттер беренесине сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын иш планындагы, Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы С.Досов көчөсү дарегинде жайгашкан 2800,0 чарчы метр жер тилкесине, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн имаратын куруу долбоорун 2025-жылдагы Республикалык максаттуу трансферттер беренесине киргизүү жагы сунушталсын.
2. Даярдалган сметалык документтеринин негизинде, Республикалык максаттуу трансферттер беренесине киргизүү боюнча иш кагаздарын жана кортундуларды даярдап тапшыруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |