Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №7
Комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн Алишев Кеңешбек Абдразакович жана Байбубаев Нуртилек Кочкорович бекитилсин.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн бекитилген талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.А.Закировго жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |