Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №8
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген, “Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу” долбоорун , Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу долбоорун. Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасын өнүктүрүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу долбооруна сунушталган коммерциялык сунуштардын жана тийиштүү документтеринин негизинде даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн 13 270,000 (он үч миллион эки жүз жетимиш миң) сом сумманын 10 пайызы болгон 1 327,000 (бир миллион үч жүз жыйырма жети миң ) сом акча каражатын, жергиликтүү бюджет жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонддун өздүк салымы катары төлөп берилсин калган 11 943,000(он бир миллион тогуз жүз кырк үч миң) сом акча каражатын Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фондуна 2025-жылга ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын.
4. Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарбасын колдоо көрсөтүү менен дыйкан – фермерлерге кылкандуу дан өсүмдүктөрүн орууп жыйноо үчүн комбайн сатып алуу долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды , жергиликтүү бюджет жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан өздүк салым катары бөлүнүп берилген 1 327,000 (бир миллион үч жүз жыйырма жети миң ) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |