Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №9
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген, “Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу” долбоорун , Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун. Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фонду мекемеси сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасын өнүктүрүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбооруна сунушталган коммерциялык сунуштардын жана тийиштүү документтеринин негизинде даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн 4 355,960 (төрт миллион үч жүз элүү беш миң) сом сумманын 10 пайызы болгон 435,596 (төртжүз отуз беш миң беш жүз токсон алты) сом акча каражатын, жергиликтүү бюджет жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду өздүк салымы катары төлөп берилсин калган 3 920,364 (үч миллион тогуз жүз жыйырма миң үч жүз алтымыш төрт) сом акча каражатын Жалал-Абад облустук Өнүктүрүү фондуна 2025-жылга ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4. Сайдыкум айыл өкмөтүнө таштандыларды таштоочу контейнерлерди жана атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды, жергиликтүү бюджет жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан өздүк салым катары бөлүнүп берилген 435,596 (төртжүз отуз беш миң беш жүз токсон алты) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |