Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабрындагы №11
«Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу тартиби тууралуу
Жобону бекитүү жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобону карап чыгып, таанышып, талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Сайдыкум айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобо бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А.Анарбаев |
| БЕКИТЕМИН 2025-жылдын 17-декабрдагы №11-токтомуна ылайык Сайдыкум айылдык кеңешинин Төрагасы Б.А.Анарбаев |
Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жобо
1 Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул жобо Сайдыкум айыл аймагынын ардактуу атуул наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Ардактуу атуул наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, районук мамлекеттик админстрация, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн бири, ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 Ардактуу атуул наам ыйгаруу жөнүндө сунуштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кабыл алып, арыздарды жобонун талаптарына ылайык карап чыгып тиешелүү документтерди топтоп өзүнүн сунушу менен жергиликтүү кеңешке жөнөтөт.
1.4 Ардактуу атуул наамына талапкерлердин документтери жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгат.
1.5 Сайдыкум аймагынын ардактуу атуул наамы бир жылда 5(беш) адамдан ашбаган санда жобонун негизинде сунушталган Сайдыкум айыл аймагынын тургундарына ыйгарылат.
2 Сайдыкум айыл аймагынын ардактуу атуул наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар.
2.1 Сайдыкум айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүнгүүсүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон аркандай тармактарда эмгектенген инсандарга.
2.2 Сайдыкум айыл аймактын өсүп өнүгүүсү үчүн элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөнчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын жогорку жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына.
2.3 Сайдыкум айыл аймагына инвестицияларды алып келип чоң курулуштарды курган стипендияларды уюштурган жана аркандай коомдук иштерге өз салымын кошкон бизнес адамдарына, элин жерин коргоп ата-мекен үчүн өзгөчө кызмат кылып мамлекеттик жогорку наамдарга татыктуу болгон инсандар
3 Сайдыкум айыл аймагынын ардактуу наамын ыйгаруу тартиби.
3.1 Сайдыкум айыл аймагынын Ардактуу атуул төш белгисин, күбөлүгүн жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 Ардактуу атуул наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жергиликтүү кеңештин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 Ардактуу атуул наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөнкү иш кагаздар кылынат.
Эгерде ардактуу атуул наамына талапкер жеке жарандык, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо;
Талапкер боюнча ошол көчөдөгү жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому.
Чогулшка 18 жаштан жогору жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен.
Мамлекеттик жогорку сыйлыктарынын көчүрмөсү. (Ардак грамота, орден, медал, ардактуу наам ж.б.) Эгерде «Ардактуу атуул» наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
Эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому
Өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш
Өздүк баракчасы сүрөтү менен
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
Паспортунун көчүрмөсү