Редакцияот 27.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

2026-жылдын 27-апрели №86

Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынан 14,60 га жер тилкесин айыл-чарба багытынын жайыт түрүнөн өнөр-жай багытына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык мэриясынын 2026-жылдын 31-мартындагы 01-05-688 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынан 14,60 га  жер тилкесин айыл-чарба багытынын жайыт түрүнөн өнөр-жай багытына которууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап талкуулап чыгып, шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:  

 

  1. Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер участкасынан 14,60 га жер тилкесин айыл-чарба багытынын жайыт түрүнөн өнөр-жай багытына которууга (трансформациялоого) макулдукберилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.

 

  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

К.Дастиров