КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2026-жылдын 27-апрели №90
Кадамжай шаарынын административдик чек арасы жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги 01-05-905 номери менен чыгышталган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жер тилкелерин өз ара алмашуунун натыйжасында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Респбликасынын пайдасына өткөрүп берилген жер тилккесин Кыргыз Республикасынын мамлекттик менчигине кабыл алуу жөнүндө” токтому тууралуу” кайрылуусун карап талкуулап чыгып, шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынан өткөрүлүп алынган 241,50 га жер аянтын Кадамжай шаарынын административдик аймагына кошууга макулдук берилсин, Кадамжай шаарынын жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Кадамжай шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдукберилсин.
- Кадамжай шаарынын жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кадамжай филиалынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |