Редакцияот 30.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 30-октябры № 53/ХII-29

 

Жол кире төлөмүн бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, №200 маршруттук каттамдын бригадири Э.Жаманкуловдун кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, кезексиз сессиянын күн тартибинде каралып чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

 

№200 каттамдагы жүргүнчүлөрдүн жол кире акысы бекитилсин:

 

Каттамдын аталышы

 

Жол кире акысы

(1 кишиге/сом)

Бишкек шаары,

7-Апрель көчөсү менен М.Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши (айланма).

 

Үч-Эмчек айылы

 

50 (элү) сом

 

 

 

 

1. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары  Алымкулова Айзат Эгембердиевнага жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов