Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 16-майы № 67
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жол фондун түзүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо, жайкы жана кышкы күтүү, орто жана капиталдык оңдоо, автомобиль жолдорун жана жол инфратүзүмүн техникалык көзөмөлдөө, өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды түзүү саналат. Жол фонду максаттуу фонд болуп саналат.";
2) 2-берененин 1-бөлүгүнүн 4, 5, 8 жана 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоого жана долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, күтүү, оңдоо, техникалык көзөмөлдөө жана өнүктүрүү менен байланышкан башка чектеш чыгымдарды каржылоого;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
3) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу ведомстволук мекемелердин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн административдик чыгымдарына;
4) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чыгымдарын Жол фондунун түшүүлөрүнүн жылдык көлөмүнүн он пайызынан ашпаган көлөмдө каржылоого, адистештирилген жол-курулуш жана жол-эксплуатациялоо техникасын жана жабдууларды сатып алууга, кадастрдык иштерге, жер тилкелерин тариздөөгө жана инвентаризациялоого, жол лабораторияларын жабдууга жана модернизациялоого, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, жол органдарынын ишин камсыз кылуучу объекттерди курууга жана оңдоого, ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга жана актуалдаштырууга, кадрларды окутууга, ошондой эле жол инфратүзүмүн башкаруу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин санариптештирүүгө.";
4) 31-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |