Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылардын (мындан ары – кызматчылар) кесиптик ишине баалоо жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга жайылтылат. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда, ошондой эле сот системасынын органдарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата бул Жобо алардын кесиптик иши Кыргыз Республикасынын атайын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.
3. Өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылардын, ошондой эле шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын административдик райондорунун башчыларынын, мамлекеттик органдардын аппараттарынын жетекчилеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын жетекчилеринин жана жооптуу катчыларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орун басарларынын ишин баалоо тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси (жогору турган кызмат адамы) тарабынан ушул Жободо белгиленген жол-жоболорду сактабастан «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык», «канааттандырарлык эмес» деген баалоонун түрлөрүн пайдалануу менен өз алдынча жүргүзүлөт.
4. Кызматчынын ишин баалоо – кызматчынын белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу жана кесиптик өнүктүрүүгө жана кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кызматтык милдеттерин, анын компетенцияларын жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары – орган) максаттарына жана милдеттерине жетүүдөгү салымын аткаруусунун натыйжалуулугун аныктоо процесси.
5. Кызматчыны баалоо төмөнкү принциптерге негизделет жана жүргүзүлөт:
1) объективдүүлүк – кызматчыга жана анын органдагы кесиптик ишине карата басмырлоонун ар кандай формаларын жокко чыгарган калыс мамиле кылуу;
2) бир түрдүүлүк – баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин бирдиктүү үлгү боюнча белгиленген тизмеги;
3) ачык-айкындуулук – кызматчыны баалоонун ачык жол-жобосу, анын натыйжалары аны кабыл алуунун себептерин жана жүйөлөрүн түшүндүрүү менен кызматчыга билдирилет;
4) үзгүлтүксүздүк – кызматчыны мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттөрдө баалоо.
6. Кызматчыны баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматчынын кесиптик деңгээлин, анын ичинде иштин сапатын, көлөмүн жана татаалдыгын аныктоо;
2) коюлган милдеттерге жетүүнүн учурдагы натыйжаларын талдоо;
3) органдын максаттарына жана милдеттерине жетүүгө кызматчынын кошкон салымынын даражасын аныктоо;
4) кызматчынын карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн (келечегин) аныктоо;
5) кызматчыны кызматтык ишинин жогорку натыйжаларына жетишүүгө түрткү берүү үчүн шарттарды түзүү.
7. Кызматчыны баалоонун натыйжалары төмөнкүлөргө негиз болуп саналат:
1) кызматы боюнча көтөрүлүү же кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
2) материалдык жана материалдык эмес колдоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен класстык ченди (атайын наамды) ыйгаруу же төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
4) мурда колдонулган тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүү;
5) квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
6) эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизүү;
7) ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун же ылайык келбестигин аныктоо.
8. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр:
1) кызматчынын жекече планы – кызматчынын кызматтык милдеттеринин алкагындагы иштин көлөмү (милдеттери жана иш-чаралары) иштин күтүлүүчү натыйжалары жана аларды аткаруу мөөнөттөрү менен белгилүү бир мезгилге (бир айга, жарым жылга) аныкталуучу документ, ал органдын иш планына ылайык түзүлүүчү жана анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга багытталган түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын негизинде түзүлөт;
2) кызматчыны ар айлык баалоо – ар бир айдын жыйынтыгы боюнча анын жекече планына ылайык кызматчынын кызматтык милдеттерин аткаруусунун учурдагы натыйжалуулугун аныктоого, ошондой эле татаалдыгы, сапаты, ишинин натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана иштин ченемделбеген режими үчүн кызматтык маянага үстөктүн өлчөмүн аныктоого багытталган жол-жобо (мындан ары – үстөк);
3) кызматчыны комплекстүү баалоо – жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча кызматчынын жекече планына ылайык анын кызматтык милдеттерин аткаруусунун жыйынтыктоочу натыйжалуулугун, ошондой эле анын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин, кесиптик өнүгүүгө муктаждыктарын жана карьералык өсүү келечегин аныктоого багытталган жол-жобо;
4) кызматчыны баалоо боюнча комиссия – кызматчыны комплекстүү баалоону жүргүзүү жана анын натыйжалары боюнча чечим кабыл алуу үчүн органда (органдын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө) түзүлүүчү коллегиалдуу орган (мындан ары – баалоо боюнча комиссия);
5) апелляциялык комиссия – зарылдыгына жараша ушул Жободо каралган учурларда кызматчыны баалоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган баалоо боюнча комиссиянын чечимине кызматчынын даттануусун (апелляциясын) же анын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир эткен кызматчыны баалоо боюнча башка талаш маселелерди кароо үчүн органда (органдын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө) түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
6) органдын жетекчиси – тиешелүү органдын ишин башкаруу жана уюштуруу, башкаруу чечимдерин кабыл алуу, өзүнө баш ийген кызматчылардын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктар берилген жана жетектеген органдын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тарткан кызмат адамы (мындан ары – органдын жетекчиси);
7) бөлүмдүн жетекчиси – органдын түзүмдүк, ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн ишине жетекчилик кылуучу жана ага жүктөлгөн органдын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартуучу кызмат адамы;
8) критерийлер – кызматчынын күтүлгөн иш натыйжаларын өлчөө жана анын алдына коюлган милдеттерди аткаруусунун натыйжалуулугун, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруусунун эффективдүүлүгүн талдоо жүргүзүлүүчү көрсөткүчтөр;
9) түздөн-түз жетекчи – кызматчыны учурдагы баалоону жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси, органдын жетекчисинин тескөөчү орун басары же бөлүмдүн жетекчиси;
10) кызматчы – кызматчынын ишин баалоого тийиш болгон органдын кызматчысы, бөлүмдүн жетекчиси.
9. Кызматчынын түздөн-түз жетекчиси болуп анын уюмунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен органдын жетекчилигинин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык органдын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (башкармалык, бөлүм, сектор ж.б.), органдын жетекчисинин тескөөчү орун басары же органдын жетекчиси (өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана органдын түзүмдүн бөлүмдөрүнүн курамына кирбеген адамдар үчүн) саналат.
Түзүмдүк бөлүмдөр каралбаган органдын аймактык/ведомстволук бөлүмүнүн кызматчысы үчүн түздөн-түз жетекчи болуп органдын жетекчилигинин ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык органдын жогоруда аталган бөлүмүнүн жетекчиси же жетекчисинин орун басары эсептелет.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду каралбаган айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмүнүн курамына кирбеген кызматчы үчүн түздөн-түз жетекчи болуп айыл өкмөтүнүн башчысы эсептелет.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду каралган айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмүнүн курамына кирбеген кызматчы үчүн түздөн-түз жетекчи болуп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары эсептелет.
Айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын жооптуу катчысы жана орун басары үчүн түздөн-түз жетекчи болуп айыл өкмөтүнүн башчысы эсептелет.
Органда ведомстволук акт менен аныкталуучу анын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен баш ийүүнүн башка иерархиясы каралышы мүмкүн.
2-глава. Кызматчыга баалоо жүргүзүү тартиби
10. Кызматчыны баалоо жыл сайын 1-январдан 31-декабрга чейинки мезгил үчүн кызматчынын жекече планына ылайык келген жарым жылдык жана ай сайын берилүүчү отчеттордун негизинде жүргүзүлөт.
11. Кызматчыны баалоо төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) ай сайын учурдагы баалоо;
2) жарым жылдык комплекстүү баалоо;
3) сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин баалоо.
12. Кызматчыны ай сайын баалоо анын түздөн-түз жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү Үстөктүн өлчөмүн аныктоо боюнча типтүү тартипке (мындан ары – Типтүү тартип) ылайык кызматчынын бир айга карата жекече планына ылайык анын ар айлык отчетунун (мындан ары – ар айлык отчет) негизинде ар бир айдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
13. Кызматчыны комплекстүү баалоо ушул Жободо белгиленген тартипте баалоо боюнча комиссия тарабынан ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ар бир учурдагы баалоонун натыйжаларын эске алуу менен кызматчынын жарым жылдык отчетунун негизинде жүргүзүлөт.
14. Кызматчыны сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин баалоо анын түздөн-түз жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен аныкталган тартипте ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоо үчүн сыноо мөөнөтүнүн мезгилине кызматчынын жекече планына ылайык келген отчеттун негизинде жүргүзүлөт.
15. Мамлекеттик органда кызматчыны баалоону мамлекеттик жарандык кызмат жана адам ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин тейлеген органдын жетекчисинин орун басары (мындан ары – кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басары)/органдын аппаратынын жетекчиси уюштурат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматчыны баалоону жүргүзүүнү аппараттын жетекчиси/жооптуу катчы уюштурат.
Органда кызматчыны баалоону уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле органдын кызматчыларын комплекстүү баалоону жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) персоналды башкаруу кызматы/персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам камсыз кылат.
16. Кызматчыны баалоо боюнча материалдар, анын ичинде анын натыйжалары персоналды башкаруу кызматында же органдын персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамында 3 жыл сакталат.
Кызматчыны жарым жылдык баалоонун натыйжалары жөнүндө көчүрмө жана баалоо боюнча комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө органдын жетекчисинин чечиминин көчүрмөсү, ошондой эле апелляциялык комиссиянын чечими (кызматчыны комплекстүү баалоонун натыйжалары кайра каралган учурда) кызматчынын өздүк ишинде сакталат.
17. Орган кызматчыларды комплекстүү баалоонун натыйжалары боюнча отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген формага ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен аныкталган мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
3-глава. Кызматчыга баалоо жүргүзүү жол-жоболору
18. Кызматчыны баалоо анын түздөн-түз жетекчиси тарабынан кызматчы менен биргеликте түзгөн кызматчынын тиешелүү жекече планынын негизинде, тиешелүү бөлүмдүн иш планына жана анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга багытталган органдын иш планына ылайык жүргүзүлөт.
19. Кызматчынын ар айлык жекече планын түзүү Типтүү тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Кызматчынын жарым жылдык жекече планы ушул Жобого тиркелген 1-формага ылайык (1-тиркеме) отчеттук мезгилден кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен органдын жетекчилигинин ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык органдын жетекчисинин тейлеген орун басары (аппаратынын жетекчиси/жооптуу катчысы) тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
20. Органдын административдик-башкаруу (көмөкчү) бөлүмүндө (жалпы бөлүм, бухгалтерия ж.б.) кызмат ордун ээлеген кызматчынын жекече планына тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жана органдын иш пландарында каралбаган милдеттерди жана иш-чараларды киргизүүгө жол берилет.
Өргүүдө (эмгектик, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, бала баккандыгы, ошондой эле эмгек акысын сактабагандыгы боюнча), иш сапарында же окууда жүргөн кызматчынын, ошондой эле өзүнүн кызматтык ишин убактылуу жүзөгө ашыра албаган же белгиленген мөөнөттөн кийин кызматка кирген кызматчынын жекече планы ал ишке чыккандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде түзүлөт жана бекитилет.
21. Мамлекеттик органдын жетекчисинин тейлеген орун басары/аппаратынын жетекчиси кызматчынын жарым жылдык жекече планын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдын тиешелүү ведомстволук, аймактык бөлүмүнүн жетекчисине өткөрүп берүүгө укуктуу.
Мэрдин тейлеген орун басары/республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси кызматчынын жарым жылдык жекече планын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды тиешелүү ведомстволук жана аймактык бөлүмдүн жетекчисине өткөрүп берүүгө укуктуу.
22. Кызматчынын жарым жылдык жекече планы бекитилгенден кийин түздөн-түз жетекчи тарабынан кызматчыны комплекстүү баалоону даярдоо жана жүргүзүү жана сактоо үчүн персоналды башкаруу кызматына/органдын персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамына, ал эми анын көчүрмөсү кызматчыга аткарууга берилет.
23. Бааланууга тийиш болгон кызматчы отчеттук мезгил аяктагандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен ушул Жобого тиркелген 2-формага ылайык өзүнүн жарым жылдык отчетун түздөн-түз жетекчиге берет (2-тиркеме).
Бааланууга тийиш болгон бөлүмдүн жетекчиси ушул Жобого тиркелген 3-формага ылайык өзүнүн жарым жылдык отчетун түздөн-түз жетекчиге берет (3-тиркеме).
Жарым жылдык отчет кызматчынын жарым жылдык жекече планында каралбаган башка милдеттерди жана иш-чараларды аткаруунун натыйжаларын да камтышы мүмкүн.
24. Түздөн-түз жетекчи кызматчыдан бааланууга тийиш болгон жарым жылдык отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ар бир милдеттин, иш-чаралардын жана башка тапшырмалардын көлөмүн пайыздык катышта аныктайт, алардын суммасы 100 пайызды түзүүгө тийиш жана алар боюнча жалпы баалоонун негиздемеси жана кызматчыга сунуштамалар менен тиешелүү критерийлер боюнча кызматчынын жарым жылдык жекече планынын аткарылышынын натыйжаларын (мындан ары – натыйжалар) баалайт.
25. Түздөн-түз жетекчи натыйжаларды аныктоо аяктагандан кийин 2 жумуш күндүн ичинде кызматчыга жеке кол койдуруу менен натыйжаларды тааныштырат жана зарылдыгына жараша бул отчет боюнча мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди чечет.
Кызматчы жеке кол койдуруу менен таанышуудан баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт. Кызматчы жумуш ордунда жүйөлүү себептер менен узак убакытка жок болгондуктан натыйжалар менен таанышуу мүмкүн болбогон учурда түздөн-түз жетекчи ал жумушка чыккан биринчи күнү тааныштырат.
26. Натыйжалар менен макул болбогон учурда кызматчы таанышкан күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине натыйжаларды кайра карап чыгуу жөнүндө жана макул эместигинин негиздүү себептерин жана отчеттук мезгилдеги өзүнүн иши жөнүндө кошумча маалыматтарды көрсөтүп, арыз менен кайрылууга укуктуу.
Органдын жетекчиси арыз келип түшкөн күндөн тартып 1 жумуш күндүн ичинде кызматчынын арызын кароо үчүн апелляциялык комиссия түзөт.
27. Апелляциялык комиссия арызды жана берилген кошумча маалыматтарды кызматчы жана анын түздөн-түз жетекчиси менен биргеликте карап чыгат жана апелляциялык комиссия түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде чечим кабыл алат.
28. Натыйжаларды аныктоо аяктагандан жана кызматчы жеке кол койдуруу менен таанышкандан кийин, жарым жылдык отчет кызматчыны комплекстүү баалоону даярдоо жана өткөрүү, сактоо үчүн персоналды башкаруу кызматына/органдын персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамына берилет, ал эми анын көчүрмөсү – кызматчыга өзүнүн ишин жакшыртуу боюнча чараларды көрүү үчүн берилет.
29. Кызматчыны комплекстүү баалоо персоналды башкаруу кызматынын/органдын персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамынын уюштуруучулук колдоосу менен баалоо боюнча комиссия тарабынан натыйжалар алынгандан кийин 15 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
30. Баалоо боюнча комиссия кызматчынын жарым жылдык жекече планына ылайык келген жарым жылдык отчетун ар айлык отчетторун (ар айлык бааларды) эске алуу менен карайт. Кызматчынын экинчи жарым жылдык үчүн жарым жылдык отчетун кароодо, кызматчыны баалоо биринчи жарым жылдык үчүн отчетун да эске алуу менен жүргүзүлөт.
Баалоо боюнча комиссия тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн кызматчынын этика ченемдерин сактоосу, отчеттук мезгилдеги эмгек жана аткаруучулук тартип жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды сурайт.
Баалоо боюнча комиссия кызматчылардын берилген отчетторуна тандалма талдоо жүргүзүүгө жана алардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын баалоо боюнча комиссиясы зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдан муниципалдык кызматчынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында аткарылуучу мамлекеттик функцияны аткаруусунун натыйжалары же сапаты жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.
Кызматтык этиканын, эмгек жана аткаруучулук тартиптин ченемдерин бузуулар болгон учурда, баалоо боюнча комиссия жол берилген бузуулардын мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен кызматчынын жыйынтыктоочу баасын (баллдардын санын) төмөндөтүүгө укуктуу. Бузуулар, баллдарды азайтуунун негиздери жана өлчөмү тууралуу маалыматтар баалоо боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколунда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
Органдын кызматчыларын комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча баалоо боюнча комиссия анын натыйжаларын ушул Жобого тиркелген 4-формага (4-тиркеме) ылайык жыйынтыктайт.
31. Баалоо боюнча комиссиянын кызматчыга комплекстүү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча чечими протокол менен таризделет жана баалоо боюнча комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө кызматчыга тааныштырылат.
32. Комплекстүү баалоонун жыйынтыгына макул болбогон учурда, кызматчы таанышкан күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине макул эместигинин негиздүү себептерин жана отчеттук мезгилдеги өзүнүн иши жөнүндө кошумча маалыматтарды көрсөтүп, арыз менен кайрылууга укуктуу.
Органдын жетекчиси кызматчынын ошол арызын кароо үчүн арыз келип түшкөн күндөн тартып 1 жумуш күндүн ичинде апелляциялык комиссия түзөт.
33. Апелляциялык комиссия арызды жана берилген кошумча маалыматтарды карайт жана апелляциялык комиссия түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде чечим кабыл алат.
34. Органдын кадрдык ишти тейлеген жетекчисинин орун басары (аппарат жетекчиси/органдын жооптуу катчысы) баалоо боюнча комиссиянын чечимин кызматчыларга комплекстүү баа берүү боюнча материалдарды тиркөө менен органдын жетекчисине баалоо боюнча комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде берет.
35. Баалоо боюнча комиссиянын кызматчыларга комплекстүү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча чечими бул чечим берилгенден кийин 2 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Органдын (ведомстволук, аймактык бөлүмдүн) жетекчисинин чечими менен бекитилген кызматчыларга комплекстүү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча чечими бир жолку мүнөзгө ээ жана тиешелүү календардык жыл ичинде күчүндө болот.
Кызматчыны комплекстүү баалоонун натыйжалары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды жана критерийлерди эске алуу менен колдонулат (мисалы, кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоо бош кызмат орду болгондо жүзөгө ашырылат, кызматчыга класстык чен мурунку класстык ченде кызмат өтөө үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ыйгарылышы мүмкүн ж.б.).
36. Органдын персоналды башкаруу кызматы/персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы кызматчыга органдын (ведомстволук, аймактык бөлүмдүн) жетекчисинин жогоруда көрсөтүлгөн чечимин ага кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жеке кол койдуруу менен тааныштырат.
37. Органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси же жетекчисинин орун басары болуп саналган кызматчыга комплекстүү баалоо органдын борбордук аппаратынын баалоо боюнча комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
4-глава. Кызматчыны комплекстүү баалоонун
критерийлери, өлчөө системасы жана натыйжаларын чечмелөө
38. Кызматчыны комплекстүү баалоо кызматчынын жарым жылдык жекече планын аткаруунун натыйжаларынын негизинде жүргүзүлөт, алар төмөнкү негизги критерийлер боюнча бааланат:
1) коюлган милдеттин татаалдыгы – 10 баллга чейин;
2) аткаруу сапаты – 10 баллга чейин;
3) кесиптик демилге – 10 баллга чейин;
4) ченемге салынбаган иш режими үчүн – 10 баллга чейин.
39. Бөлүмдүн жетекчиси болбогон кызматчыны комплекстүү баалоо үчүн төмөнкүдөй кошумча критерийлер да колдонулат:
1) бүткөрүлгөн иш-чаралардын саны – 10 баллга чейин;
2) иш-чаралардын бүткөрүлгөн даражасы – 10 баллга чейин.
40. Бөлүмдүн жетекчиси болуп саналган кызматчыны комплекстүү баалоо үчүн төмөнкүдөй кошумча критерийлер да колдонулат:
1) процесстерди уюштуруу жана ресурстарды башкаруу – 10 баллга чейин;
2) стратегиялык пландоо – 10 баллга чейин.
41. Кызматчыны, анын ичинде бөлүмдүн жетекчисин комплекстүү баалоонун жыйынтыктоочу натыйжасы ар бир негизги жана ар бир кошумча критерий үчүн баллдардын суммасы катары эсептелет.
42. Кызматчыны комплекстүү баалоодо баллдардын максималдуу суммасы 60 баллды түзөт.
43. Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча кызматчыны комплекстүү баалоо төмөнкү фактылар аныкталган учурда баалоо боюнча комиссия тарабынан төмөндөтүлүшү мүмкүн:
1) аткаруучулук тартип боюнча – 3 баллга чейин;
2) эмгек тартиби боюнча – 3 баллга чейин;
3) этикалык ченемдерди бузуу – 2 баллга чейин.
Кызматчынын аткаруучулук тартиби жөнүндө жеке маалымат органдын документтер менен иштөө жана контролдоо маселелери боюнча кызматы тарабынан берилет.
Кызматчынын эмгек тартиби жөнүндө жеке маалымат органдын персоналды башкаруу кызматы/персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилет.
Кызматчылардын этикалык жүрүм-турум ченемдерин сактоосу боюнча жеке маалымат органдын этика боюнча комиссиясы тарабынан берилет.
44. Эсептелген жыйынтыктык баллдардын суммасынын негизинде кызматчыга төмөнкүдөй комплекстүү баа белгиленет:
1) 56 баллдан 60 баллга чейин алганда «мыкты» деген баа коюлат;
2) 46 баллдан 55 баллга чейин алганда «жакшы» деген баа коюлат;
3) 36 баллдан 45 баллга чейин алганда «канааттандырарлык» деген баа коюлат;
4) 36 баллдан аз алганда «канааттандырарлык эмес» деген баа коюлат.
Бөлчөк сандарды бүтүн санга чейин тегеректөө төмөнкү эрежелер боюнча жүргүзүлөт: эгерде бөлүнүүчү ондук сан 5 санынан чоң же барабар болсо, анда бүтүн сан бирдикке күчөтүлөт, ал эми эгерде ондук сан 5 санынан аз болсо, анда күчөтүү жүргүзүлбөйт.
45. Кызматчы «мыкты» деген комплекстүү баа алган учурда, баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматчыны кызматы боюнча жогорулатууга сунуштоо – бош кызмат орду болгондо жана квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда жогору турган кызматка артыкчылыктуу дайындоого;
2) материалдык (финансылык мүмкүнчүлүк болгондо) же материалдык эмес сыйлоо чарасын колдонууну сунуштоого;
3) кызматчыны ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) кызматчыны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары квалификациясын жогорулатууга жиберүүнү сунуштоого;
5) кызматчыга мурда колдонулган тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
46. Кызматчы «жакшы» деген комплекстүү баа алган учурда, баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) материалдык (финансылык мүмкүнчүлүк болгондо) же материалдык эмес сыйлоо чарасын колдонууну сунуштоого;
2) кызматчыга мурда колдонулган тартиптик жазаны алып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
47. Кызматчы «канааттандырарлык» деген комплекстүү баа алган учурда, баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматчыны квалификациясын жогорулатууга жөнөтүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
2) бош кызмат орундары болгон учурда жана квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда кызматчыны төмөндөтүү боюнча сунуш киргизүүгө, М-Б категориясындагы кызмат орундарын ээлеген, квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн кызматчыларды кошпогондо.
48. Кызматчы «канааттандырарлык эмес» деген комплекстүү баа алган учурда, баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматчынын класстык ченин (атайын наамын) төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүүгө;
2) кызматчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) кызматчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
5-глава. Баалоо боюнча комиссия
49. Кызматчыга комплекстүү баалоо жүргүзүү максатында ушул Жобого ылайык ар бир органда курамы так санда болгон, саны 3төн кем эмес жана 7 адамдан ашпаган баалоо боюнча комиссия түзүлөт.
50. Мамлекеттик органдын баалоо боюнча комиссиясынын курамы мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик органдын баалоо боюнча комиссиясынын курамына төмөнкүлөр милдеттүү түрдө киргизилет:
– кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басары/органдын аппаратынын жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
– персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси;
– пландоо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (адис);
– бааланууга тийиш болгон кызматчы кызмат өтөгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
– башка түзүмдүк бөлүмдүн өкүлү (органдын жетекчисинин чечими боюнча);
– персоналды башкаруу кызматынын адиси, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок).
Баалоо боюнча комиссиянын төрагасы тарабынан кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басарын/органдын аппаратынын жетекчисин аныктоо мүмкүн болбогон учурда комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу башка кызмат адамы дайындалышы мүмкүн.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын баалоо боюнча комиссиясынын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын баалоо боюнча комиссиясынын курамына төмөнкүлөр милдеттүү түрдө кирет:
– аппарат жетекчиси/жооптуу катчы, комиссиянын төрагасы;
– кадрларды башкаруу кызматынын жетекчиси (адис)/кадрларды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам, комиссиянын катчысы;
– пландоо маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси (адис).
Баалоо боюнча комиссиянын төрагасы тарабынан органдын аппарат жетекчисин/жооптуу катчысын аныктоо мүмкүн болбогон учурда баалоо боюнча комиссиянын төрагасы мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу башка кызмат адамын дайындашы мүмкүн.
52. Эгерде мамлекеттик органдын түзүмүндө көптөгөн ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр бар болсо, анда кызматчыларды баалоо боюнча өз алдынча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн, алардын курамын кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басары/органдын аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча алардын жетекчилери бекитет.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ведомстволук/аймактык бөлүмдөрдө кызматчыларды баалоо боюнча өз алдынча комиссияларды түзүүгө укуктуу, алардын курамдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча алардын жетекчилери бекитет.
Органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн баалоо боюнча комиссиясынын төрагасы болуп кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басары/органдын аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча, органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аныкталат.
53. Кадр маселелерин тейлеген органдын жетекчисинин орун басарынын, органдын аппаратынын жетекчисинин же органдын жооптуу катчысынын кызмат орундары бош болгон учурда же көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген адамдар узак мөөнөттүү кызматтык иш сапарда болсо, ден соолугуна байланыштуу (тиешелүү документтер менен ырасталган) жок болсо, ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилсе же өргүүдө (эмгек өргүүсү, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, баланы багуу боюнча өргүү, эмгек акы сакталбаган өргүү) болсо, баалоо боюнча комиссиянын төрагасынын милдеттери органдын жетекчисинин чечими боюнча баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине убактылуу жүктөлөт.
54. Баалоо боюнча комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет. Баалоо боюнча комиссиянын келбеген мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
Баалоо боюнча комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда, баалоо боюнча комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү өздөрүн баалоого катышпайт (бул учурда кворум баалоо боюнча комиссиянын бааланууга тийиш болгон мүчөлөрүн эсепке албастан эсептелет).
6-глава. Апелляциялык комиссия
55. Кызматчынын кызматчыны баалоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган баалоо боюнча комиссиянын чечимине же кызматчыны баалоо боюнча башка талаш маселелерге, анын ичинде кызматчыны баалоо жол-жоболорун бузууга даттануусун (аппеляциясын) кароо максатында органдын (ведомстволук, аймактык бөлүмдүн) жетекчисинин чечими менен апелляциялык комиссия түзүлөт.
56. Апелляциялык комиссия так сандагы, саны 3төн кем эмес жана 5 адамдан ашпаган курамда түзүлөт. Апелляциялык комиссиянын курамын түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана жөнгө салуу камсыздалат.
Апелляциялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
– этика боюнча комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасы;
– персоналды башкаруу кызматынын адиси/персоналды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу адам, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугу жок);
– кесиптик бирликтин төрагасы;
– юридикалык кызматтын жетекчиси (адис).
Органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүндө апелляциялык комиссиянын төрагасы болуп кадрдык ишти тейлеген органдын жетекчисинин орун басары/органдын аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан аныкталуучу кызматчы дайындалат.
57. Баалоо боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү апелляциялык комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт.
58. Апелляциялык комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет. Апелляциялык комиссиянын келбеген мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
Апелляциялык комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда, апелляциялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
59. Кызматчынын арызын карап чыгуунун натыйжасы боюнча апелляциялык комиссия чечим чыгарат, ал протокол менен таризделет жана кабыл алынган күнү кызматчыга маалымдалат.
60. Апелляциялык комиссия кызматчыны комплекстүү баалоонун натыйжасын кызматчыны баалоонун принциптери жана жол-жоболору сакталбагандыгы фактысы аныкталган учурда гана кайра карап чыга алат. Кызматчыны комплекстүү баалоону кайра карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алууда апелляциялык комиссия ушул Жобонун 43–46-пункттарында каралган тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Кызматчынын пайдасына чечим кабыл алынган учурда органдын жетекчисинин буйругу (тескемеси) чыгарылат.
61. Кызматчыга баалоо жүргүзүүдө кызматчыга карата калыс эмес мамиле кылуу фактылары, анын ичинде натыйжаларды ачык эле жогорулатуу же төмөндөтүү жана кызматчыны баалоо жол-жоболорун бузуу, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталган жүйөлүү себептерсиз баалоо боюнча комиссиянын жыйналышына катышпоо түздөн-түз жетекчиге жана/же баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонууга алып келет.
62. Кызматчы арызды апелляциялык комиссияда кароонун натыйжасына макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
|
|
| 1-форма |
|
| БЕКИТИЛДИ ______________________ (аты-жөнү, колу)
20___-ж. «___» __________ |
Кызматчынын жеке планы
________________________________________________________
(кызматчынын аты-жөнү)
_________________________________________________________
(бөлүмдүн аталышы жана ээлеген кызмат орду)
20__-жылдын «__» _______ «__» _______ чейинки мезгил үчүн
Кызмат ордуна дайындалган датасы: 20__-жылдын «__» _________
Негизги кызматтык милдеттери:
____________________________________________________________
____________________________________________________________
№ | Милдет | Милдетти ишке ашыруу боюнча чаралар/аракеттер | Күтүлгөн натыйжа (продукт) | Аткаруу мөөнөтү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: _______________________________
Колу: _________ Датасы: 20__-ж. «__» ______
Кызматчынын аты-жөнү: ______________________________________
Колу: _________ Датасы: 20__-ж. «__» ______
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| 2-форма |
|
|
|
(кызматчынын аты-жөнү)
|
|
|
(бөлүмдүн аталышы жана ээлеген кызмат орду)
Кызмат ордуна дайындалган датасы: 20 -жылдын « »
Негизги кызматтык милдеттери:
|
|
|
№ | Мил- дет | Милдетти ишке ашыруу боюнча чаралар | Милдеттин / чаранын көлөмү (100 %) | Милдеттин/ чаранын натыйжасы | Кызматчыны баалоонун критерийлери (60 баллга чейин) | Баллдар- дын саны (6 + 7 +8 + 9 + 10 + 11) | Жалпы (4 х 12/ 100) |
| |||||||||||||
Милдеттин/ чаранын татаалдыгы (0дөн 10го чейин) | Милдетти/ чараны аткаруунун натыйжала- рынын сапаты (0дөн 10го чейин) | Кесиптик демилге (0дөн 10го чейин) | Ченем- делбеген иш режими (0дөн 10го чейин) | Бүткөрүлгөн милдеттин/ чаранын саны (0дөн 10го чейин) | Милдетти/ чараны бүткөрүүнүн деңгээли (0дөн 10го чейин) |
| |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| ||||||||
1 |
| 1.1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
|
| 1.2. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
2 |
| 2.1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
2.2. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
Башка тапшырмалар: | |||||||||||||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||
Жалпы (баллдардын жалпы саны): |
| ||||||||||||||||||||
Түздөн-түз жетекчинин негиздемелери (комментарийлери) жана сунуштамалары:
|
|
|
Кызматчынын аты-жөнү: | Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: |
| ||
Колу (даярдады):
| Колу:
| Колу (тааныштырылды): | Датасы:20 -ж. « » |
|
Датасы: 20 -ж. « » | Датасы: 20 -ж. « » |
|
| |
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
|
|
| 3-форма |
Бөлүмдүн жетекчисинин жарым жылдык жеке планын аткаруу жөнүндө
отчету
_________________________________________________________________________________
(бөлүмдүн жетекчисинин аты-жөнү)
__________________________________________________________________________________
(бөлүмдүн жана ээлеген кызмат ордунун аталышы)
20___-жылдын «___» _________ тартып «___» __________ чейинки мезгилге
Кызмат ордуна дайындалган дата: 20__-жылдын «___» _________
Негизги кызматтык милдеттери:
________________________________________________________________________________________________________
№ | Мил-дет | Милдет-ти ишке ашыруу боюнча чаралар | Милдеттин/ чаранын көлөмү (100 %) | Милдетти/ чараны аткаруунун натыйжасы | Бөлүмдүн жетекчисин баалоо критерийлери (60 баллга чейин) | Балл- дын саны (6 + 7 + 8 + 9 + 10 + 11) | Жалпы (4 х 12/ 100) | |||||
Милдеттин/ чаранын татаалдыгы (0дөн 10го чейин) | Милдетти/ чараны аткаруунун натыйжала-рынын сапаты (0дөн 10го чейин) | Кесиптик демилге (0дөн 10го чейин) | Ченем- делбеген иш режими (0дөн 10го чейин) | Процесстерди уюштуруу жана ресурстарды башкаруу (0дон 10го чейин) | Страте-гиялык пландоо (0дон 10го чейин) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
1 |
| 1.1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2 |
| 2.1. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башка тапшырмалар: | ||||||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жалпы (баллдын жалпы саны): |
| |||||||||||
Түздөн-түз жетекчинин негиздемелери (комментарийлери) жана сунуштамалары:
________________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________________
Кызматчынын аты-жөнү: ______________________________________________________
| Түздөн-түз жетекчинин аты-жөнү: _______________________________________________
|
Колу (даярдалды): _______ Датасы: 20__-ж. «__» ________
| Колу: ________ Датасы: 20__-ж. «__» ______
|
Колу (тааныштырылды): _____ Датасы: 20__-ж. «__» ________ |
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
|
|
| 4-форма |
Баалоо боюнча комиссиянын
жыйналышынын протоколуна
тиркеме
Кызматчыларды комплекстүү баалоонун
натыйжалары
__________________________________________________________________________________
(органдын аталышы)
20___-жылдын «___» _______ тартып «___» ________ чейинки мезгилге
№ | Кызматчы-нын аты-жөнү | Кызмат орду | Ар айлык балл | 6 айга орточо балл (4 + 5 + 6 + 7 + 8 + 9)/6 | Жыйынтык балл (түздөн-түз жетекчинин баалоосу) | Жыйын-тык балл (комиссия-нын баалоосу) | Түзөтүүчү балл (*) | Комплекс-түү баалоо | |||||||
Янв. (Июль) | Февр. (Авг.) | Март (Сент.) | Апр. (Окт.) | Май (Нояб.) | Июнь (Дек.) | АТ | ЭТ | ЭС | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) – түзөтүүчү баллдар:
– АТ – аткаруучулук тартип;
– ЭТ – эмгек тартиби;
– ЭС – кызматчылардын этикасын сактоо.
Баалоо боюнча комиссиянын төрагасы:
_______________________________________________ Колу: _________
(аты-жөнү)
Баалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү:
_______________________________________________ Колу: _________
(аты-жөнү)
_______________________________________________ Колу: _________
(аты-жөнү)
_______________________________________________ Колу: _________
(аты-жөнү)
Датасы: 20__-ж. «___» ____________