Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 13-майы № 05/2-17/118
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу контролго алынуучу товарларды ташып кирүүдө, алып чыгууда, транзиттөөдө жана алып өтүүдө мамлекеттик ветеринардык контролду жүзөгө ашыруунун тартиби боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык жактан коргоо, жаныбарлардын өзгөчө кооптуу жугуштуу ылаңдарынын козгогучтарынын, тамак-аш жана биологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарынын кирип келишине жана жайылышына жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу контролго алынуучу товарларды ташып кирүүдө, ташып чыгууда, транзиттөөдө жана ташып өтүүдө мамлекеттик ветеринардык контролду жүзөгө ашыруунун тартиби боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндөн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр |
|
Э.А. Акунбеков |