Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-декабры № 56/ХIII-29

 

“Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы жөнүндө” Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун баяндамасы

 

Күн тартибинин кийинки маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун отчетун Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып,  Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы жөнүндө Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун отчетуна “канааттандырарлык” баа берилсин.

2. 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен 2025-жылдын жылдык жыйынтыгы , Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше  жана чыгаша бөлүгүн 100% так, сапаттуу, мыйзам чегинде аткаруу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы  Кубанычбек теги Медер Анарбек уулуна милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом сегиз добуш менен кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов