Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИНИН

 

/VIII  чакырылышынын/ I сессиясынын   

 

 ТОКТОМУ

 

 

13-февраль,    2026-жыл                                                      

 

 

Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин  киреше, чыгаша бөлүгүн  жана 2027-2028-жылдарга  карата  киреше бөлүгүнүн долбоорун  бекитүү   жөнүндө

 

_______________________________________________  

      Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин  киреше, чыгаша бөлүгүн  жана 2027-2028-жылдарга  карата киреше  бөлүгүнүн долбоорун  бекитүү  боюнча  Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевдин,  Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шаршеновдун    маалыматын угуп  жана талкуулап Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү  Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   1.Кыргыз Республикасынын Бюджет  Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн  2026-жылга жергиликтүү  бюджетинин көлөмү   96 988,0 мин сом   өлчөмүндө бекитилсин. Киреше жана  чыгаша бөлүгүнүн көлөмү  88 788,0  миң сом өлчөмүндө,   атайын  төлөм     каражаттары   8 200,0 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин. (№1, №2, №3 тиркеме тиркелет)

    2.Кыргыз Республикасынын Бюджет  Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору  2027-жылга       104 891, 0  миң  сом,  2028-жылга   117 107,0 миң  сом өлчөмүндө  бекитилсин.

   3.Жергиликтүү  бюджетинин накталай жүгүртүү көлөмү 2026-жылга   карата  1000,0   мин  сом болуп  бекитилсин.

   4.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы-башкы бухгалтер С.Борбодоевге милдеттендирилсин.    .     5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 Төрага                                                                             Э.Кыдыев