Редакцияот 18.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 18-майы № 173

 

Ч.Т. Жалиловго (каза болгондон кийин) «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө

Диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө,  моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (каза болгондон кийин).

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров