Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-декабры № 58/ХIII-29

 

“Норус айылындагы Н.Чалов көчөсүнүн 640 метр жолун асфальт басуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары “Норус айылындагы Н.Чалов көчөсүнүн 640 метр жолун асфальт басуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Норус айылындагы Н.Чалов көчөсүнүн 640 метр жолун асфальт басуу жөнүндө”долбоорун тапшырууга макулдук берилсин жана 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты өздүк салымы катары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен каралсын.

2. “Норус айылындагы Н.Чалов көчөсүнүн 640 метр жолун асфальт басуу жөнүндө” долбоору Ысык-Ата райондук дем берүүчү комиссиясына мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын.

3. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов