Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-декабры № 59/ХIII-29

 

“Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына эксковатор унаасын сатып алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жөнүндө

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жайыт жолдорун калыбына келтирүү, айыл ичиндеги жол, суу жана башка коммуналдык иштерди өз убагында аткаруу максатында, “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына эксковатор унаасын сатып алуу жөнүндө”  долбооруна макулдук берүү жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эксковатор унаасын сатып алуу боюнча долбоор тапшырууга макулдук берилсин.

2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эксковатор унаасын сатып алуу боюнча долбоору Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .

3. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов