Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-декабры № 60/ХIII-29

 

 

“Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары айыл тургундарын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, жашоо шартын жакшыртуу жана айыл инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Үч-Эмчек айылы, Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча долбоор тапшырууга макулдук берилсин.

2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 195000 (жүз токсон беш миң) сом акча каражаты өздүк салымы катары каралсын.

3. “Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбоору Ысык-Ата райондук дем берүүчү комиссиясына мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов