Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИНИН

/VIII  чакырылышынын /  I сессиясынын  

 

№ 4  ТОКТОМУ

 

 

13-февраль,  2026-жыл

 

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн кызмат акыларын  бекитүү  жөнүндө

________________________________________________________

      Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн кызмат акыларын бекитүү  боюнча  “Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Шайымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

-Суу түтүкчөлөрүн туташтыруу акысы (1 чекит) – 500 (беш жүз) сом;

-Экскаватор кызматы (казуу иштери) 1 метр – 200 (эки жүз) сом;

-Экскаватор кызматы (көмүү иштери) 1 метр – 100 (бир жүз) сом;

-Кудук казуу 1 метр – 1000 (бир миң) сом;

-Суу түтүгүн жаткыруу иштери 1 метр – 30 (отуз) сом;

-Абоненттик китепче, техникалык шарттар, суу туташтыруу боюнча схема – 500 (беш жүз) сом;

-“Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынан суу киргизүүгө уруксат алуу – 5000 (беш миң) сом.

        2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Шайымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                 Э.Кыдыев