Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-майы № 64
2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Бенилюкс мамлекеттеринин Башкы катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |