Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИНИН

 

/VIII  чакырылышынын/ I сессиясынын   

 

№ 6 ТОКТОМУ

 

 

13-февраль,  2026-жыл 

 

 

Күн-Чыгыш  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 01.01. 2026-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин  калган  акча каражатын  бөлүштүрүү жөнүндө

_______________________________________________  

        

         Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн 01.01. 2026-жылга карата  жергиликтүү  бюджетинин калган  акча каражатын  бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн  каржы бөлүмүнүн башчысы С. Борбодоевдун  маалыматын угуп  жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 01.01.2026-жылга калган  акча  каражаты бардыгы болуп 9 581 400  мин сом анын ичинен 8 354 200  мин сом жергиликтүү  бюджеттин эсебинен, ал эми 1 227 200 мин  сом атайын эсептеги   каражаттардын  негизинде бекитилсин. (1,2 тиркеме тиркелет)

   2.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Э.Кадыровко   жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы-башкы бухгалтер  С.Борбодоевко  милдеттендирилсин.    .     3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу  комиссияга  тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                   Э.Кыдыев