Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 16-майы № 66
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 29-июну, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1-бөлүгүндө "комиссиянын он эки мүчөсүнөн" деген сөздөр "комиссиянын сегиз мүчөсүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы алтыдан кем эмес мүчөдөн түзүлсө, ал ишке киришүүгө укук ченемдүү.";
3) 6-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда алтыдан кем эмес мүчөсү катышса, укук ченемдүү болуп саналат жана жыйналышты комиссиянын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү алып барат.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген жалпы санынын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланды деп эсептелет.";
4) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышы (мындан ары - жыйналыш) төрага тарабынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде жыйналышка Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын алтыдан кем эмес мүчөсү катышса, ал укук ченемдүү болуп саналат. Жыйналыш протоколдоштурулат.";
5) 8-беренеде:
а) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 3-бөлүктө "башка маселелер боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |