Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №1
Аркалык айылына шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсү, Аркалык айылынын тургундарынын арызы, элдик жыйынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аркалык айылынын тургундарынын арызынын жана элдик жыйынынын протокулуна негиз, Аркалык айылындагы ветсервистин имаратына шайлоо участкасы ачылууга уруксат берилсин.
2.Аркалык айылындагы ветсервистин имаратына шайлоо участкасын ачуу Базар-Коргон райондук Аймактык Шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |