Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №2
Сайдыкум айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын комиссиясынын резервке киргизүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Атабекованын маалыматын угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Атабекованын маалыматы эске алынсын.
2.Сайдыкум айыл аймагындагы жаңы ачылган Аркалык айылындагы шайлоо участкасынын комиссиясынын курамына жана резервке киргизүүгө талапкерлер көрсөтүлсүн.
3.Жаңы ачылган Аркалык айылындагы шайлоо участкасынын көчөлөрүнүн схемалары киргизилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Дөөлөталиевге жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |