Редакцияот 10.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-декабры № 67/ХIII-29

 

“Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына таштанды ташуучу унаасын сатып алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары айылдардын санитардык-тазалыгын жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоо максатында, Ысык-Ата айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу унаасын сатып алуу жөнүндө”  долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу унаасын сатып алуу боюнча долбоорун тапшырууга макулдук берилсин жана 1712100 (бир миллион жети жүз он эки миң бир жүз) сом акча каражаты Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы катары каралсын.
  2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу унаасын сатып алуу боюнча  долбоору Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .
  3. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов