Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №3
Сайдыкум айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын колдонууга киргизүү жана мүлк салыгынын, айыл чарба багытындагы эмес
жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин жаңы редакциясынын 388, 404 беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренсинин 2- пунктуна негиз, Салык Кодексинин 372-412-беренелеринин жоболоруна ылайык, мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 388-беренсинин 1-пунктуна негиз, имараттар, курулмалар жана жайларга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,0 барабар бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 404-беренсинин 4,5-пунктуна негиз, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,2 барабар бекитилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |