Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №4
Сайдыкум айыл аймагындагы курулуп жаткан үйлөргө
турпак карьер алуу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагындагы курулуп жаткан турак жайларга жарандардын адырдан турпак алуу карьер жоктугуна байланыштуу, Кызыл-Ай айылынын тургуну Д.М.Досовдун арызынын негизинде жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы курулуп жаткан турак жайларга жарандардын адырдан турпак алуу карьер жоктугуна байланыштуу, айыл аймагындагы жарандардын турпак алуу маселеси кыйынчылык болуп жаткандыгын эске алып, турпак алуу үчүн Аркалык айылындагы Айгыр-Жал участкасындагы адыр жеринен 1 га жер аянтын жана Хажир-Абад айылындагы адыр жеринен 1 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына сунушталсын.
2.Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Э.И.Досов |