Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №5
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “ Чатырын жаңылоо”долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “Чатырын жаңылоо”долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы,Сайдыкум айыл аймагынын “Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “Чатырын жаңылоо” долбооруна даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.
2.Сайдыкум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “Чатырын жаңылоо” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3.Сайдыкум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “Чатырын жаңылоо” долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 2 525 727,0 ( эки милион беш жүз жыйырма беш миң жети жүз жыйырма жети) сом сумманын 10 пайызы болгон 252 572 (эки жүз элүү эки миң беш жүз жетимиш эки ) сом акча каражатын, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин калган 2 273,155 (эки милион эки жүз жетимиш үч миң бир жүз элүү беш) сом акча каражатын“(үлүштүк) гранттардын эсебинен 2025-жылдагы республикалык бюджеттен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4.Сайдыкум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылындагы №49 Ү.Сыдыков жалпы билим берүү мектебинин “Чатырын жаңылоо” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 252 572 (эки жүз элүү эки миң беш жүз жетимиш эки ) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |