Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №6
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо”долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган,программасына кирген,Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо”долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы,Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо” долбооруна даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо” долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 1037,114 (бир миллион отуз жети миң бир жүз он төрт ) сом сумманын 10 пайызы болгон 103 711 (бир жүз үч миң жети жүз он бир) сом акча каражатын, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин калган 933 402 (тогуз жүз отуз үч миң төрт жүз эки) сом акча каражатын“(үлүштүк) гранттардын эсебинен 2025-жылдагы республикалык бюджеттен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын “Чатырын жаңылоо” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 103 711 (бир жүз үч миң жети жүз он бир) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |