Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №7
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо” долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо” долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы,Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо” долбооруна даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.
2. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо”долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 2 439 891 (эки милион төрт жүз отуз тогуз миң сегиз жүз токсон бир ) сом сумманын 10 пайызы болгон 243 989 (эки жүз кырк үч миң тогуз жүз сексен тогуз) сом акча каражатын, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин калган 2 195 902(эки миллион бир жүз токсон беш миң тогуз жүз эки) сом акча каражатын“(үлүштүк) гранттардын эсебинен 2025-жылдагы республикалык бюджеттен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4. Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы Маданият үйүнүн имаратынын “Ичин капиталдык ремонттоо” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 243 891 (эки жүз кырк үч миң сегиз жүз токсон бир) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |