Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXIX сессиясы
2024-жылдын 05-сентябрындагы №8
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына кирген Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка сунуштоо жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, программасына кирген, Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбоорун, Республикалык дем берүүчү грантка долбоорго сунуштоо боюнча, Сайдыкум айыл өкмөт башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайдыкум айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы,Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбооруна даярдалган сметалык документтеринин негизинде тийиштүү документтери даярдалсын.
2.Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбоорунун, демилгечи топтун чогулушунун протоколунун чечими менен сунушталган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3.Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбооруна даярдалган долбоордук сметасында көрсөтүлгөн 2 997 268 (эки милион тогуз жүз токсон жети миң эки жүз алтымыш сегиз) сом сумманын 10 пайызы болгон 299 726(эки жүз токсон тогуз миң жети жүз жыйырма алты) сом акча каражатын, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен төлөп берилсин калган 2 697 542 (эки милион алты жүз токсон жети миң беш жүз кырк эки) сом акча каражатын“(үлүштүк) гранттардын эсебинен 2025-жылдагы республикалык бюджеттен ишке ашыруу үчүн долбоор даярдалып сунушталсын
4.Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылындагы М.Жолборсов көчөсүнө 450 метр жолго “Асфальт төшөө” долбооруна тийиштүү документтерин даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилген 299 726(эки жүз токсон тогуз миң жети жүз жыйырма алты) сом акча каражатын ичинен төлөп берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.И.Досов |