Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 22-декабры № 70/ХIV-29

 

“Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 "Суу чарба объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүү тартиби жөнүндө" токтомунун негизинде жана суу чарба инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу максатында, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-декабрындагы №03-13/2785 “Кыргыз Республиаксынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө” катын  Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагындагы Норус айылында жайгашкан суу сактагычты жана ага тиешелүү арыктарды, Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

2. Өткөрүп берүү процесси тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, инвентаризациялоо жана акт түзүү жолу менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов