Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИНИН

/VIII  чакырылышынын/  II  сессиясынын   

 

№ 10 ТОКТОМУ

 

 

11-март,    2026-жыл                                             

 

 

Күн-Чыгыш айыл аймагына  караштуу Бөкөнбаев   айылына логистикалык борбор курууга макулдук  берүү  жөнүндө

_______________________________________________  

        Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровдун,  жергиликтүү  Кеңешинин  талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер  боюнча туруктуу  комиссиясынын маалыматын   угуп,   талкуулап, Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык,  Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү    Кеңеши  токтом кылат:

 

      1.Бөкөнбаев   айылынын Б.Мамбетов  көчөсүнүн №100 дарегинде  жайгашкан, 2-04-06-1001-4547 идентификациялык кодунда  турган дан сактоочу кырмандын  жер аянтынан  27243м2    жер тилкесине  логистикалык  борборун куруу үчүн макулдук берилсин.

       2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз  кылуу  жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко,   көзөмөлдөө  жагы   Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү Кенешинин   талаачылык,  жер, жайыт, агрардык маселелер  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                  Э.Кыдыев