АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-апрели №44
Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш башталгыч жалпы билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, “Көк-Таш” башталгыч жалпы билим берүү мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 18-декабрындагы протоколунун негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
- Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы башталгыч жалпы билим берүү мектебине кыргыздын туңгуч профессору, илимпоз-тилчи, акын, драматург жана мамлекеттик ишмери жана кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, тил илиминин (грамматика) башатында турган жана латын алфавитине негизделген кыргыз алиппесин иштеп чыккан улуу агартуучу Касым Тыныстановдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сайайыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровко тапшырылсын.
- Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана регламент, мандат боюнча комиссия.жүктөлсүн.
Тѳрайым |
Ш.Омурова |