Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕНЕШИНИН

VIII  чакырылышынын кезексиз сессиясынын   

 

№ 13  ТОКТОМУ

 

 

   17-март,  2026-жыл,                                                             

 

 

Ысык-Көл облусунун  Тоң райондук сотуна  кызматтык   имарат курууга жер тилкесин  бөлүп берүү  жөнүндө

_____________________________________________________

 

          Ысык-Көл облусунун  Тоң райондук сотунун  05.03.2026-жылдагы №575   чыгыш сандуу катынын  негизинде Бөкөнбаев айылынын батыш тарабындагы Кара-Ой” жаңы конушунун Проектируемый -12 көчөсүндө  жайгашкан  2250 чарчы метр    жер тилкесин   Ысык-Көл облусунун  Тоң райондук сотуна  имарат куруу үчүн  жер бөлүп берүү маселесин талкуулап,  Күн-Чыгыш айыл аймагынын  жергиликтүү Кенеши   токтом кылат:

    1.Бөкөнбаев айылынын батыш тарабындагы “Кара-Ой” жаңы конушунун Проектируемый -12 көчөсүндө  жайгашкан 2250 чарчы метр  жер  тилкесин   Ысык-Көл облусунун  Тоң райондук сотуна    кызматтык имарат куруу  үчүн бөлүп берүүгө  макулдук    берилсин.

   2.Тоң  райондук   сотунун жаңы имараты курулуп ишке берилгенден  кийин,  Бөкөнбаев айылынын  Б.Мамбетов көчөсүнүн №1 дарегинде  жайгашкан Тоң райондук  сотунун  имараты Күн-Чыгыш айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине   (балансына) өткөрүп алынсын.  

    3.Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш  айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү  Кенешинин  жер, мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияларына  тапшырылсын.

 

Төрага                                                                           Э.Кыдыев