Редакцияот 26.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 26-марты   №2

 

Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомун жана “Тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча, Ала-Буга айылдык кеңеши сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2018-жыл 30-июль №15/2 токтому, Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-февраль №20/12 токтому, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жыл 3-февраль №3/17 токтому жокко чыгарылсын.

2.    Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган:

Мынакелди шаар калдыгы

Шырдакбектин коргону

Чолок-Коргон чеби, мурда кабыл алынган токтомдор жокко чыгарылып айыл аймактын балансынан чыгарылсын.

3.    Жогоруда көрсөтүлгөн тарыхый-маданий мурас объектилери мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн эсебине берилсин.

4.    Бул объектилер боюнча тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү иштери Ала-Буга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек