Редакцияот 01.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын

кезексиз XIII -сессиясынын

 

  2025-жылдын  1-октябрындагы №1

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин 09.09.2025-жылы өткөн кезексиз XII-сессиясында кабыл алынган Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,40 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндөгү №11-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүмүнө, Базар-Коргон шаардык кеңешинин Регламентинин 45-главасынын 3-пунктуна ылайык депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Базар-Коргон шаардык кеңешинин 09.09.2025-жылы өткөн кезексиз XII-сессиясында кабыл алынган Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,40 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндөгү №11-токтому жокко чыгарылсын.

2.  Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

 

                                       К.К.Анарбеков