Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-майы № 381
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинин 4-пунктунун 2-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Турак жайга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун линиясы боюнча курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн 620 батир бөлүнүп берилсин, анын ичинде:
1) Сокулук айылында – 70 батир;
2) Кара-Балта шаарында – 65 батир;
3) Токмок шаарында – 50 батир;
4) Нарын шаарында – 5 батир;
5) Балыкчы шаарында – 20 батир;
6) Чолпон-Ата шаарында – 15 батир;
7) Каракол шаарында – 20 батир;
8) Талас шаарында – 5 батир;
9) Баткен шаарында – 95 батир;
10) Ош облусунда – 245 батир;
11) Жалал-Абад облусунда – 30 батир.
2. Аскер кызматчыларына ипотекалык кредит берүү Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жылдык 4 пайыз пайыздык ставка боюнча 25 жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен макулдашуу боюнча ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |