Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 21-апрели № 272-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 -беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 272-т тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталары Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Аталган ноталар менен алмашуу Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жол жүрүү документтеринин тизмегин актуалдаштыруу, анын ичинде мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү документ катары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып салуу жолу менен актуалдаштыруу каралган эл аралык келишимди түзүүгө багытталган.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине ылайык Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде макулдашуу жол-жобосунан өттү, 2025-жылдын 12-февралындагы № 6-1572 чыг. корутундусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 350-т тескемеси менен жактырылды.