Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-майы № 361
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 160 «Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 160 «Айыл чарба жаныбарларын (ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
− 1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– асыл тукум койлорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өстүрүлбөгөн, мамлекеттик оператор – «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коому тарабынан экспорттолуучу тирүү малды;».
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |