Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

 

                                          ТОКТОМ

 

 

 19-февраль 2026-жыл  №29 17/1                                                                                                                                                                                                                             

 

                                                            

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 2-февралындагы №53 жана 2026-жылдын 3-февралындагы №56 тескемелери менен бѳлʏнгѳн максаттуу трансферттерди жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана 2026-жылга Каракол шаарынын тиешелʏʏ мекемелерине бекитʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэри К.М.Адиевдин, 2026-жылдын 17-февралындагы №01-17-729 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 2-февралындагы №53 жана 2026-жылдын 3-февралындагы №56 тескемелери менен бѳлʏнгѳн максаттуу трансферттерди жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана 2026-жылга Каракол шаарынын тиешелʏʏ мекемелерине бекитип берʏʏ жѳнʏндѳ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык кенешинин XXIXчакырылышынын кезексиз XVII сессиясы,

токтом кылат:

  1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы  (Ч.Абдиева) 2026-жылга жана 2027-2028 жылдардын пландык мезгилине, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин чыгаша жана киреше бѳлʏктѳрʏнѳ, 1 582 300 (бир миллиард беш жʏз сексен эки миллион ʏч жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акчакаражаты киргизилсин.
  2. Каракол шаарынын мэриясы, келип тʏшкѳн акча каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык ѳздѳштʏрсʏн.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 3-февралындагы №56тескемеси менен бѳлʏнгѳн акча каражатты, Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгына тѳмѳндѳгʏ долбоорлорду ишке ашыруу ʏчʏн бекитилсин:

- Каракол шаарынын темир-бетон буюмдар заводун модернизациялоо ʏчʏн- 273 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;

- Каракол шаарына автобустарды сатып алуу ʏчʏн-300 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;

- Каракол шаарынын муниципалдык ишканалар ʏчʏн атайын техникаларды сатып алуу ʏчʏн-329 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 2-февралындагы №53тескемеси менен бѳлʏнгѳн акча каражатты, Каракол шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгына тѳмѳндѳгʏ долбоорлорду ишке ашыруу ʏчʏн бекитилсин:

- Каракол шаарынын А.С.Пушкин атындагы паркты реконструкциялоо ʏчʏн-450 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;

- Каракол шаарынын О.Сейлакунов атындагы борбордук скверди реконструкциялоо ʏчʏн-70 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;

- Каракол шаарынынТарыхый-аймак таануу музейин реконструкциялоо ʏчʏн-159 000 000 ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты.

      5.   Токтом ММКларда жарыялансын.

  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  2. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

      

Тѳраганын орун басары                                    Б.Ш. Курманов