Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

 

 26-март 2026-жыл     №29-19/1                                                                                                                                                                               

 

 

 “Муниципалдык менчик обьектилерин алмаштыруунун тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ

 Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун,2026-жылдын 24-мартындагы, чыг:№01-17-1429, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы,

Токтом кылат:

  1. “Муниципалдык менчик обьектилерин алмаштыруунун тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобо   бекитилсин. (тиркеме1)
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

 

 

Тѳрага                                                Таштанбек уулу С.