Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-майы № 366-т
Ирригациялык системалардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 712-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) муниципалдык менчикте турган гидротехникалык курулмалары бар биринчи жана экинчи тартиптеги ички чарбалык ирригациялык каналдар.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 10-1/317 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүү киргизсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |