Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 19-майы № 70
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүүгө;";
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге жанаша жайгашкан аймактарда аконит өстүрбөөгө;";
2) 7-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "а", "б", "г", "е" пункттарында" деген сөздөр "а", "б", "г", "е", "з" пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын аталышында жана биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы "з" пункту менен толукталсын:
"з) жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдалануу.";
5) 11-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 12-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 13-статьянын экинчи бөлүгүндө, 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 20-статьянын төртүнчү бөлүгүндө, 21-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 23-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 24-статьянын экинчи бөлүгүндө, 25-статьянын экинчи бөлүгүндө, 26-статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 27-статьянын экинчи бөлүгүндө, 28-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 29-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 30-статьянын экинчи бөлүгүндө түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоонун жана өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.";
2) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 15-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |