Редакцияот 03.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 3-марты № 97

 

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. 2026-жылдын 8-февралынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Багишев Данияр Мансурович;

- Гулмамат уулу Айбек;

- Дюшебаева Чолпон Дюшебаевна;

- Есенкулова Салтанат Арстанбековна;

- Мурзаева Гульмира Мурзаевна;

- Саргалдаков Искандер Бекболотович;

- Хусанов Айбек Исманалиевич.

2. 2026-жылдын 19-февралынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кудайбергенов Азис Абылович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров