Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Бул токтом 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө
кирүүчү 1-пункттун үчүнчү абзацын кошпогондо,
2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-майы № 364
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 22-мартындагы № 150 «Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин
5-бөлүгүнүн, 80, 81, 138, 139 жана 140-беренелеринин
талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 «Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 81, 138, 139 жана 140-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык карызын өндүрүү тартибинде:
– 4-пункт «накталай эмес формада» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде санарип сом менен» деген сөздөр менен толукталсын;
– 26-пункттун 1-пунктчасында «30 (отуз)» деген сөздөр «60 (алтымыш)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 29, 30-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын банктык эсептерден акча каражаттарынын жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунда жайгаштырылган электрондук акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу СТТ коюу жолу менен жүргүзүлөт жана салык органдары тарабынан Салык кодексинин 85-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн эсептеринин бар же жок экендигин сурабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бардык банктарга, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна жиберилет.
30. СТТ салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы бар салык төлөөчүгө карата ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – ЫСО АМС) аркылуу электрондук документ түрүндө түзүлөт.»;
– 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 33, 34-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. СТТ салык төлөөчүнүн банкта эсебинин бар же жок экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктарга, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна коюлат.
34. Банкка, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна жиберилген СТТ колдонулушу салык төлөөчүнүн жаңыдан ачылган эсептерине да жайылтылат.»;
– 36–41-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«36. СТТ ал келип түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнүн эсептеринен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык каражаттарды анын салык карызын төлөө эсебине эсептен чыгаруу жолу менен банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан аткарылат.
37. Салык карызы улуттук валютада (сом) аткарылат.
СТТ салык төлөөчүнүн валюталык эсептеринен аткарылган учурда банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору чет өлкөлүк валютаны СТТ аткарылган датага карата улуттук валютага (сомго) конвертациялайт.
Конвертациялоо чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага конвертациялоо күнүнө карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча жүргүзүлөт.
38. Банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору СТТ алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда мындай талап бул эсептерге акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша ар бир мындай түшүүдөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирилбестен аткарылат.
39. Коюлган СТТ банктардын, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунун аткаруусунда калат:
1) СТТ толук аткарылганга чейин;
2) Салык кодексинин 79-беренесинде каралган салык милдеттенмесин токтотуу үчүн негиздер келип чыккандыгына байланыштуу СТТ койгон салык органы тарабынан СТТ жабылганга (чакыртып алынганга) чейин.
40. Салык органы банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан салык төлөөчүнүн СТТ суммасы боюнча салык карызын толук төлөө аткарылгандыгын контролдойт. Банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын төлөө үчүн салык органы тарабынан коюлган СТТны талашсыз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга милдеттүү.
Банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан Салык кодексинде белгиленген тартипте коюлган СТТны аткарбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык банктарды жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорун жоопкерчиликке тартууга алып келет.
41. Электрондук СТТны коюуда салык кызматынын органдарынын жана коммерциялык банктардын, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.»;
– 52-пунктта «13-бөлүгүн» деген сөздөр «13, 131-бөлүктөрүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 64-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«64. Бузуу четтетилбеген жана салык карызынын суммасы төлөнбөгөн, ошондой эле аны төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда салык органы Салык кодексинин 83-беренесине ылайык банкка (гарантка) салык карызын төлөө жөнүндө жазуу жүзүндө талап жиберет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун үчүнчү абзацын кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |