Редакцияот 11.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 11-декабры № 01-7/84

 

Долбоорго катышуу үчүн каражаттарды бөлүү жана

сметаны бекитүү жөнүндө

 

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировдун маалыматын угуп жана талкуулап, айыл аймагынын 2026-жылга түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү планынын негизинде, айыл аймактын социалдык инфраструктурасынын туруктуу өнүгүүсүн жана 2026-жылга карата долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2026-жылга дем берүүчү “Үлүштүк грант–2026” программасынын алкагындагы төмөнкү долбоорунун сметалары бекитилсин:

1.1. Сокулук айылындагы Сокулук №2 орто мектептин жылытуу системасын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 557 985 (үч миллион беш жүз элүү жети миң тогуз жүз сексен беш ) сом.

Өздүк каражат: 1 067 395 (бир миллион алтымыш жети миң үч жүз токсон беш) сом.

1.2. Асылбаш айылындагы “Биримкул” орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 5 127 682 (беш миллион бир жүз жыйырма жети миң алты жүз сексен эки) сом.

Өздүк каражат: 1 538 304 (бир миллион беш жүз отуз сегиз миң үч жүз төрт) сом.

1.3. Сокулук айылындагы “Татынакай” бала бакчасынын канализация системасын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 6 528 380 (алты миллион беш жүз жыйырма сегиз миң үч жүз сексен) сом.

Өздүк каражат: 1 958 514 (бир миллион тогуз жүз элүү сегиз миң беш жүз он төрт) сом.

2. Сокулук районунун Өнүктүрүү фондунун алкагындагы төмөнкү долбоор бекитилсин:

- Сокулук айылындагы “Татынакай” бала бакчасынын чатырын оңдоо долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 549 636 (үч миллион беш жүз кырк тогуз миң алты жүз отуз алты) сом

Өздүк каражат: 1 064 890  (бир миллион алтымыш төрт миң сегиз жүз токсон) сом.

3. Чүй облусунун Өнүктүрүү фондунун алкагындагы төмөнкү долбоор бекитилсин:

- Бөрүлү айылындагы “Эдельвейс” балдар лагерине глемплинг куруунун (18 даана) жалпы сметалык баасы 20 173 626 (жыйырма миллион бир жүз жетимиш үч миң алты жүз жыйырма алты) сом

Өздүк каражат: 5 000 000  (беш миллион) сом.

4. 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 10 629 103 (он миллион алты жүз жыйырма тогуз миң бир жүз үч) сом өздүк каражаттар каралсын.

5. Аталган долбоорлор колдоодон өткөндөн кийин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Бектемиров Т.Э. аткарууга алсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу милдети Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Р.Кадыркулов