Редакцияот 18.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 18-майы № 347

 

Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.  Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бул токтом тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев