Загрузка документа…
ТТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кенешинин XXVIII -чакырылышыны
2024-жылдын 12-июлу № 26
Мыйзам бузууларды жойуу жана ишмердүүлүктү убактылуу токтотуу жөнүндө
Арашан айылынын тургундарынын оозеки кайрылуусуна, саркынды сууларды тазалоочу жайдан таза-суу тарапка көлөмү 5 тоннага жакын саркынды сууларды агызып жиберүү фактыларынын, видео жана фото далилдердин, Арашан айылдык кенешинин депутаттары, МП “Арашан Биримдиги” директору, жергиликтүү милиционер жана Арашан айылынын тургундары жана “Супара-Чункурчак” эс алуу жайдын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн актын негизинде:
ТОКТОМ кылат:
1. Чункурчак жеринде “Супара-Чункурчак” эс алуу жайында саркынды сууларды тазалоочу жайы иштен чыгуу жана саркынды сууларды тазалоочу жайдан таза-суу тарапка көлөмү 5 тоннага жакын саркынды сууларды агызып жиберүү фактылары боюнча Арашан айыл өкмөтү тез арада тиешелүү кызматтарга кабарлансын;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бузуулардын бирдиктүү реестрин катталсын жана айып салынсын;
3.Тиешелүү кызматтар менен бирдикте аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү үчүн чечимдер кабыл алынсын;
4.“Супара-Чункурчак” эс алуу жайы ишмердүүлүгү мыйзам бузуулар жоюлганга чейин убактылуу токтотулсун;
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Арашан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Кулжаевге тапшырам.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |