Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 319
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Илимий-изилдөө ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, илимий уюмдардын кызматкерлерине материалдык дем берүү жана алар үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүдөй редакциядагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Ставкага (маянага) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин:
административдик-башкаруучу, негизги персонал категориясына кирген кызматкерлерге 15 000 сом өлчөмүндө;
техникалык жана кенже персонал категориясына кирген кызматкерлерге 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштелгендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алышта иштеген күндөр алып салынат).
Эгерде кызматкер ставкадан аз жүктөмгө ээ болсо, анда илимий уюмдун кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсациялык төлөм бар болгон жүктөмгө пропорционалдуу белгиленет.».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| АА. .Касымалиев |